Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Эбола вирусу АКШда катталды


АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору өлкө аймагында эбола илдетин жуктуруп алган алгачкы адам табылганын тастыктады.

Мындан мурдараак Техас штатындагы Даллас шаарында бир жаран эбола вирусун жуктуруп алган деген шек менен ооруканага жаткырылганы кабарланган. Азырынча оорулуунун аты-жөнү жана жаш курагы айтыла элек.

Жукса адам өмүрүн алып тынган бул эпидемия Батыш Африканын бир канча өлкөсүндө жайылды. Бул илдеттен көз жумгандардыгн саны үч миңге жетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG