Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Төрт миңге жакын улан аскерге чакырылат


Бул тууралуу Башкы штабдын аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы Арстанбек Керималиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы убакта өз ыктыяры менен кызмат өтөөгө кызыккандардын саны өскөн.

- Бизге өз ыктыяры менен келген жогорку билимдүү уландар көбөйдү. Чоң кызматта иштегендер, саясатчылар да балдарын көбүрөөк жибере баштады. Армияга тартылган башка улут өкүлдөрүнүн да пайызы өсүп барат, - деди Керималиев.

Аскерге чакыруунун күзгү мезгили бүгүн башталып, 31-декабрда аяктайт. Саламаттыгы жайында уландар аскердик кызматты келишимдик негизде бир жылдык мөөнөттө өтүшөт. Аскерден качкандарга 25 миң сом айып пулдан баштап, 6 айга чейин эркинен ажыратуу каралган. (UEz)

XS
SM
MD
LG