Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Бүгүн карылардын эл аралык күнү


Бүгүн, Кыргызстанда карылардын эл аралык күнүнө карата мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар тарабынан өлкө аймагында майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Бул күндүн урматына Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине материалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт.

Баш калаада карылар күнүнө карата салтка айланган "Жүрөктөн жүрөккө" деп аталган жармаңке өтөт. Мында карылар кийиз, жүндөн өз колу менен жасаган буюмдарын сатыкка коюшат.

Кыргызстандагы пенсия курагындагы карылардын жалпы саны 600 миңге жакын. БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1-октябрь 1991-жылдан тарта карылардын эл аралык күнү деп белгиленип келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG