Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Британия "Ислам мамлекетине" абадан сокку урду


Британ согуштук учактары Ирактын түндүгүндөгү «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлерине карата алгачкы соккуларды урду. Британиянын коргоо министри Майкл Фэллондун айтымында, эки истребителдин соккусу согушкерлердин лагерин жана экстремисттерди ташып бараткан унааны бутага алган.

Өкмөттүк күрт аскерлери абадан урулган соккулардын жардамы менен согушкерлердин Сирия менен чектеш Рабия шаарындагы маанилүү өткөрмө пункту көзөмөлгө алынганын билдиришти.

Өткөн жумада британ парламенти премьер-министр Девид Кэмерондун өтүнүчү боюнча Ирактын түндүгүндөгү ислам жоочуларына каршы абадан сокку урууга уруксат берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG