Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Парламент Оштогу окуя боюнча түшүндүрмө талап кылды


Жогорку Кеңеш өткөн аптада Ошко барган депутаттар Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахмановго каршы чагым боюнча түшүндүрмө талап кылды. Равшан Жээнбековдун айтымында, алар Ошто шайлоочулар менен жолугушууну максат кылган. Бирок атайын чагым уюштурулуп, жыйын үзгүлтүккө учурады.

Жээнбековдун айткандарын бир катар депутаттар колдоду. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Болот Шер мындай окуя өлкө 20 жылдан бери топтогон демократиялык баалуулуктарды жокко чыгарарын билдирди. Ал эми Исмаил Исаков мындай чагымды Ош шаарынын бийлиги уюштурушу мүмкүн экенин айтып чыкты.

Мындан улам депутаттар укук коргоо органдарына бул окуяга укуктук баа берүүнү тапшырды.

26-сентябрда Улуттук оппозициялык кыймыл өкүлдөрү Ош шаарындагы “Аристократ” ресторанында өткөрүп жаткан жыйынды отуздан ашуун белгисиз аял жана жаш жигиттер үзгүлтүккө учураткан. Алар уюштуруучуларга жумуртка ыргытышкан. Мындан улам кыймыл лидери Равшан Жээнбеков жана депутат Өмүрбек Абдырахманов чогулушту токтотууга аргасыз болгон.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG