Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Парламент Турганбаевдин талапкерлигин карап жатат


Жогорку Кеңеш депутаттары Ички иштер министрлигине Мелис Турганбаевдин талапкерлигин карап жатат. Эл өкүлдөрү талапкерге милициянын реформасы, уюшкан кылмыштуулук менен күрөш жаатындагы пландары боюнча суроолорду берүүдө.

Турганбаев кызматка киришсе ички иштер тармагын реформалоого убада берип, аны министрликтин курамын өзгөртүүдөн баштай турганын билдирди. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлерин даярдаган окуу жайларды реформалоо зарылдыгын белгиледи.

Мелис Турганбаев буга чейин Бишкек милициясын жетектеп келген. Анын талапкерлигин министрлик кызматка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев көрсөткөн. Мурдагы министр эки апта мурун өз каалоосу менен кызматтан кеткен.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG