Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

“Ата Мекен” өкмөттү электр энергиясын чектөөнү токтотууга чакырды


Мындай билдирүүнү аталган партия бүгүн таратты. Билдирүүдө өкмөттүн электр энергиясын үч фазадан колдонгондорду чектөө чечими туура эмес болгону айтылган. Мындай чектөө өлкөдөгү өндүрүштүн өнүгүшүнө жолтоо болот. Ошондуктан, “Ата Мекен” партиясы электр энергиясын үч фазадан колдонгондорду чектөө тууралуу чечимди жокко чыгарууга чакырды.

Буга чейин өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгына байланыштуу электр энергиясын жылуулук үчүн пайдаланууга чектөө киргизген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG