Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Кабулда жанкечти чабуулунан жети киши набыт кетти


1-октябрдын таңында Ооганстандын борбору Кабулда жанкечтинин эки жолку чабуулунан бери дегенде жети киши өлүп, дагы 20сы жараат алды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан алды. Кабул полициясы эки чабуул тең аскерлерди ташып бараткан автобуска жасалганын билдирди.

Талибандын бул аракети АКШ менен Ооганстандын коопсуздук келишимине кол койгон учуруна туура келүүдө. НАТО аскерлери бул аймактан чыгып кеткен соң 10 миңдей америкалык аскерлердин калышына уруксат берчү келишимге эки өлкө кечээ, 30-сентябрда кол койгон.

Америкалык аскерлер ооган коопсуздук күчтөрүнө колдоо көрсөтүү жолдорун талкуулашууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG