Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Москвада кыргыз жаранын өлтүргөн адам кармалды


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Москвада киши колдуу болгон белгисиз аялдын сөөгү табылган.

Териштирүү жыйынтыгында, ал 33 жаштагы Ош шаарынан барган кыргызстандык мигрант экени дайын болгон. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, жыйынтыкта аны өлтүрүүгө шектүү 55 жаштагы Орусиянын жараны кармалган. Тергөө жүрүшүндө белгилүү болгондой, ал каза болгон аял менен чогуу жашап жүргөн. Кырсык болгон күнү экөө спирттик ичимдик ичип отуруп, чатакташа кетип, өлтүрүп салган.

Кылмышка шектүү адам камакка алынды. Учурда Кыргызстандын элчилиги каза болгон жарандын жакындарын табуу аракетин көрүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG