Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Баткен: айланма жол курулушу декабрда аяктайт


Мындай маалыматты “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта айтылгандай, аталган жолдо учурда тогуз техника иштеп жатат. Жардыруу иштери дээрлик аяктап калды. Октябрь айынын аягына чейин бул жолдо каттамга уруксат берилип, иш толугу менен декабрь айында бүтөт.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулуусу өткөн жылдын 17-декабрда башталган. Тажик тарап бул жолдун курулуусуна каршы болуп, бир нече жолу жаңжал чыккан эле. Ошол мезгилден баштап жолдун курулушу токтоп калган болчу. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 27-августта аталган жолдун мурда токтоп калган жеринен эмес, Ак-Сай айылы тараптан курулушу жанданган. (JsA)

XS
SM
MD
LG