Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Укук коргоочу өкмөттү тариф боюнча доо арыз бербөөгө чакырды


Бул тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт электр энергиясынын тарифине байланышкан Бишкектин райондор аралык сотунун чечими боюнча жогорку инстанцияга доо арыз даярдап жатат. Өкмөттүн мындай кадамын жарандык активисттер туура эмес деп эсептейт. Анын ордуна бул тармактагы коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу керектигин Токтакунов билдирүүдө.

29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Мындай арыз менен сотко укук коргоочу Нурбек Токтакунов жана Манас Султанов кайрылган. Бирок Энергетика министрлиги соттун бул чечиминин үстүнөн кийинки баскычтагы сотко кайрыларын билдирген болчу.

Өкмөттүн тариф саясаты боюнча жаңы токтомуна ылайык, электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG