Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Нарын: активист куугунтукка кабылганын айтып чыкты


Нарында жарандык активист Эркин Асаналиев электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүнө каршы митингге чыкканы үчүн куугунтукка кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Асаналиев өзү билдирди. Анын айтымында, 16-сентябрда электр энергиясына тарифти көтөрүүгө каршы Нарында акция уюштурган. Мындан соң ар кандай кысымдар башталып, кечээ болсо Кыйноолорго каршы улуттук борбордогу жумушунан бошотулган. Мунун баары анын ишмердигине байланыштуу экенин Асаналиев билдирүүдө.

16-сентябрда активисттер Нарындагы борбордук аянтка электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүнө каршы митингге чыккан. Бирок акция башталаар алдында милиция кызматкерлери Асаналиев баштаган үч адамды алып кеткен. Нарын облустук милициясы алар митинг өткөрүүгө уруксат албаганы үчүн кармалганын айткан. Бирок шаардык сот “мыйзам бузган эмес” деп аларды актаган эле.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG