Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

Бишкекте кытай жарандары милиционерге кол көтөрдү


Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 30-сентябрда болгон. Шаардагы Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүндөгү үйлөрдүн бирине ууру киргени боюнча aрыз түшүп, аймактык тескөөчү ал жакка барган. Ууру кирген үйдүн жанындагы имаратта кытай жарандары иштеген. Аймактык тескөөчүнүн окуянын чоо-жайы тууралуу суроосуна кытай жарандары орой жооп берген.

Жыйынтыкта ондон ашык кытай жараны аймактык тескөөчүгө кол көтөрүп, ур-токмокко алышкан. Алдын ала маалымат боюнча, кол салган адамдар мас абалында болгон. Бул окуя боюнча ондон ашык кытай жараны Ленин райондук милициясына алып келинип, көрсөтмө берип жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG