Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Гаага: Каражич боюнча сот соңуна чыгууда


Бүгүн Гаага трибуналында босниялык сербдердин согуш учурундагы лидери Радован Каражичке байланыштуу ишти кароо улантылды. Мында Каражич акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, моюнга алган жок. “Мен чындыкты билем, прокурорлор да билет. Алар сотко жалган маалымат берип жатат”, - деди Каражич.

Соттун мурдагы отурумунда прокурорлор Каражичти 1992-1995-жылдардагы Босния согушундагы бардык кылмыштарга жооп бериши керек экенин кошумчалап, өмүр бою эркинен ажыратууну сурашкан. Бул жылдары жаш балдарды кошкондо 7,5 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

Каражич согуш учурундагы аскерий жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча тогуз пункт менен айыпталууда. Сот бул иш боюнча өкүм чыгарууга бир айдай убакыт кетерин билдирүүдө.

Бул иш боюнча камалган экинчи негизги айыпталуучу, Сербиянын президенти Слободан Милошевич 2006-жылы каза болгон. Югославия тарагандан кийин чыккан Босния согушунда 100 миңден ашуун киши өлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG