Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Азиада: эки балбан коло байге үчүн күчүн сынайт


Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык эки балбан грек-рим күрөшүнөн коло байге үчүн күч сынашат.

130 кг. салмакта Мурат Рамонов жарым финалда казак балбаны Нурмахан Тыналиевге 3:1 эсебинде жеңилип калды. 85 кг. салмакта Азат Бейшебеков финалга чыгуу үчүн беттеште түштүк кореялык Лии Сейеолдон жеңилүү ызасын тартты.

3-орун үчүн Мурат Рамоновдун атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Азат Бейшебеков коло байге үчүн ирандык Каримфар Можтаба менен таймашат.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар арасынан велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу, балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жана грек-рим балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгенин ээси болгон.(ECh/BkA)

XS
SM
MD
LG