Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Азиада: үч кыргыз балбаны коло байгеден кур калды


Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн бүгүн үч кыргызстандык балбан коло байгеден кур калды. Оюндардын расмий сайтында кабарлангандай, 130 кг. салмакта Мурат Рамонов 3-орун үчүн ирандык Бабажанзадех Дарзиден жеңилди. 85 кг.салмакта Азат Бейшебеков 3-орунга ирандык Каримфар Можтаба менен таймашып, байгени колдон чыгарды. Дагы бир балбан Самат Шырдаков 75 кг.салмакта коло байге үчүн таймашта казак балбаны Досжан Картыковго жеңилип, байгесиз калды.

Учурда кыргыз спортчуларында беш байге бар. Буга чейин кыргызстандык спортчулар арасынан велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу, күрөшчү кыз Айсулуу Тыныбекова жана грек-рим балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгенин ээси болгон.(ECh/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG