Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Орусия интернетти чектебейт


“Орусия интернетти чектебейт жана мамлекет аны толугу менен өз көзөмөлүнө алайын деген ниетте эмес”, - деп билдирди президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Бирок ал экстремизм, ксенофобия жана балдар порнографиясын жайылткан сайттар жабыларын кошумчалады. Ошондой эле байланыш түйүндөрүн жана маалымат ресурстарын коргоо чараларын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Мурдарак маалымат каражаттарында Орусия чукул кырдаал болгон учурда өлкөдө интернет өчүрүлө турганын жазышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG