Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Сөөк көмүү үчүн жерди акысыз берүү сунушталууда


Сөөк көмүү үчүн жер тилкесин акысыз негизде берүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди. Жогорку Кеңештин Татьяна Левина баштаган депутаттары өлүк коюуга жер берүү бизнеске айланып баратканын белгилеп, ага бөгөт коюу үчүн жерди акысыз негизде берүүнү сунуштап келишет.

Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараевдин айтымында, борбор калаада каза болгон жаранды көмүү үчүн жер тилкеси славян улутундагыларга 3400, мусулмандарга 4400 сомдон берилет. Айрым маалыматтарда өлүк коюуга берилчү жердин баасы 500 долларга жеткени айтылат. Айрым адистер жер тартыштыгын чечүү үчүн крематорий куруп, сөөктү өрттөөнү сунуштап келишет. Башкалаанын айланасында 5 көрүстөн бар. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG