Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Депутат күйүүчү майды сыртка чыгарбоону талап кылды


Мындай талап менен парламент депутаты Улукбек Кочкоров чыкты. Анын айтымында, учурда Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетчү завод өндүргөн күйүүчү май Тажикстанга сатылып жатат. Андан пайда көргөндөр парламентте отурганын айткан депутат күйүүчү майды сыртка чыгарууну тезинен тыюу салууга чакырды.

Курулушу 2009-жылы башталган "Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташкан. Быйыл жыл башында завод ишке берилип, бирок 18-февралда өз ишин убактылуу токтотууга мажбур болгон. Буга жергиликтүү элдин жана экологдордун заводго каршы дембе-дем өткөргөн акциялары себеп болгон. Бирок жай айларынан тарта иши жанданган. Учурда айына 20 миң тоннага чейин күйүүчү май өндүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG