Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Кабулдагы жардырууда үч киши өлүп, он чакты адам жаракат алды


Ооганстандын Ички иштер министрлиги жанкечти ооган аскерлеринин автобусуна чабуул жасаганын билдирди. Ушул жана 1-октябрдагы эки кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан алды.

1-октябрдын таңында Ооганстандын борбору Кабулда жанкечтинин эки жолку чабуулунан бери дегенде жети киши өлүп, дагы 20сы жараат алган.

Талибандын бул аракети АКШ менен Ооганстан коопсуздук келишимине кол койгон учурга туш келди. НАТО аскерлери бул аймактан чыгып кеткен соң 10 миңдей америкалык аскерлердин калышына уруксат берчү келишимге эки өлкө 30-сентябрда кол койгон.

Мындан улам талиптер Гани башында турган бийликти “бирөөнүн куралына айланган режим” деп сындашууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG