Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 07:44

Түрк парламенти антитеррордук операцияларга кошулуу маселесин карайт


Түркия парламенти өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал уюмдун Ирак жана Сириядагы турумдарына каршы операцияларга катышуу маселесин бүгүн, 2-октябрда карайт. АКШ башында турган коалициялык күчтөргө Түркия кошулар-кошулбасын буга чейин ачык айткан эмес. Радикал ислам тобунун Сириядан Түркияга чектеш аймактарына жакындап жылуусу бийликти кооптондурууда.

Президент Режеп Тайып Эрдоган эл аралык коомчулук согушкерлерге каршы күрөштө алардын турумдарына абадан сокку ургандан башка да жолдорун тапса болорун билдирген болчу. Анкара азыр коалициялык күчтөргө кандай жардам берерин айта элек, бирок президент чек араларда коопсуздукту камсыз кылууга чакырууда.

НАТОнун жаңы баш катчысы Йенс Столтенберг Ирак жана Сирия менен чектешип турган Түркия өкмөтү жардамга муктаж болсо Түндүк атлантикалык альянс жардамга келерин билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG