Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Меркел менен Путин Украинадагы зомбулукка тынчсызданды


Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Орусия президенти Владимир Путин 1-октябрда телефондон сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалды талкуулады. Алар бул өлкөнүн чыгышында зордук-зомбулук уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Жетекчилер мындан бир ай мурда жетишилген ок атышпоо келишиминин маанилүүлүгүн белгилешти. Меркел Орусия жикчилдерге таасир этүүгө милдеттүү экенин, орус-украин чек арасында көзөмөл талап кылынарын жана мында ЕККУнун ролу чоң экенин айтты.

Ошондой эле Германия ЕККУнун Украинадагы миссиясын жана Донецк менен Луганскта өтүүчү жергиликтүү шайлоону колдой турганын кошумчалады.

Өлкө жетекчилери «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөшүү жана эбола вирусунун алдын алуу чаралары тууралуу сүйлөштү. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG