Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Куттуу-Сай кени боюнча конкурс өтөрү мерчемделүүдө


Бул тууралуу өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, жакынкы аралыкта кенге мурда берилген лицензияны жокко чыгаруу боюнча сот чечими чыгары күтүлүүдө. Андан соң конкурс жарыяланмакчы.

Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан Куттуу-Сай кенинде күмүш, висмут, молибден, коргошун, бериллий сыяктуу бир катар баалуу металлдар бар. Алардын запасы 50 миң тоннадан ашык экени аныкталган. Бул кенди иштетүүгө лицензия канадалык Stans Energy ээлик кылган Кutisay Mining компаниясына 2009-жылы берилген. Алар Кыргызстанды эл аралык арбитражга берип, 118 миллион долларга жакын доо койгон. Быйыл Эл аралык арбитраж кыргыз өкмөтүнө бул доону төлөп берүүнү милдеттендирген. Бирок кыргыз өкмөтү буга макул болбой, доо арыз берерин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG