Болгариянын расмий өкүлдөрү жарылуудан кеминде 15 киши каза болгонун кабарлады. Жарандык коргонуу күчтөрүнүн директору Николай Николовдун айтымында, Горни Лом шаарынын түндүк-батышындагы кырсыкта каза болгондордун экөө аял. Ал жарылуунун себептери «адамдардын жаңылыштыгы» болушу ыктымалдыгын белгиледи.
Горни Ломдогу завод майда жардыруучу заттарды чыгарып, эски ок-дарыларды жарактан чыгарчу. Болгария өкмөтү бул окуяга байланыштуу бүгүн аза күтүүдө.(КЕ)