Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Мекеде ажылык зыяраты уланууда


160 өлкөдөн барган мусулмандар бүгүн, Арафат тоосуна зыярат кыла баштады. Бул тоодо Мухаммед пайгамбар акыркы таатын окуган деп саналат. Ушу тапта Сауд Арабиясында 1,5 миллиондон ашуун адам исламдагы бир парзын аткарууда.

Сауд Арабия “Ислам мамлекети” радикал тобунун аракеттеринен кийин жана MERS, эбола вирустарынан улам коопсуздук чараларын күчөттү. Ажылык 4-октябрда Курман айт менен аягына чыгат. Ажылык сапарга баруу – мусулманчылыктагы беш парздын бири. Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам бара турганы кабарланган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG