Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Парламентте “Ак-Кемеге” байланыштуу доо талкууланууда


Парламенттеги “Республика” фракциясы “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча 11 миллион доллар доонун төлөнүшүнүн мыйзамдуулугун талкуулап жатат. Буга чейин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди "өзүмбилемдик менен төлөп берди" деп күнөөлөп, парламентке кайрылган. Жыйын жүрүшүндө өкмөт өкүлдөрү бул боюнча жашыруун маалыматтар бар экенин айтып, жыйынды жабык өткөрүүнү сунушташты. Жыйын ушу тапта жабык өтүүдө.

Буга чейин кыргыз өкмөтү түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясына 11 млн. доллар төлөп бергени тууралуу кабар тараган. Түрк компаниясы кыргыз өкмөтү менен “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто соттошуп, 11 млн. долларга утуп алган. Соттун чечими менен Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган. Кыргыз өкмөтү ушундан кийин түрк компаниясына 11 млн. доллар которуп, акцияларды кайтарып алууну көздөгөнүн айткан. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG