Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Мелис Турганбаев министрликке бекитилди


Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри кылып Мелис Турганбаевди дайындады. Мындай жарлыкка кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Турганбаевди министрликтин жамааты менен бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев тааныштырды. Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы жаңы министрдин негизги милдети Ички иштер министрлигин реформалоо экенин эскертип, ай сайын бул жаатта коомчулукка маалымат берип турууга милдеттендирди.

Буга чейин Турганбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш депутаттары жактырган эле. Ал парламентте сүйлөп жатып, министрликтин кадыр-баркын көтөрүүгө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүгө убада берген.

Мелис Турганбаев буга чейин Бишкек шаардык милициясын жетектеп келген. 16-сентябрда министр Абдылда Суранчиев өз арызы менен кызматтан кеткен.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG