Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Түрк парламенти антитеррордук операцияларга кошулууга уруксат берди


Түркия парламенти өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал уюмдун Ирак жана Сириядагы турумдарына каршы операцияларга катышуу маселесин карап, уруксат берди. Ушул эле мандат керек учурда Түркия аймагына чет элдик аскерлердин кирүүсүнө дагы уруксат берет. Мындай чечимди депутаттардын 298и колдоп, калган 98и "каршы" добуш беришти.

АКШ башында турган коалициялык күчтөргө Түркия кошулар-кошулбасын буга чейин ачык айткан эмес. Радикал ислам тобунун Сириядан Түркияга чектеш аймактарына жакындап жылуусу бийликти кооптондурууда.

Президент Режеп Тайип Эрдоган эл аралык коомчулук согушкерлерге каршы күрөштө алардын турумдарына абадан сокку ургандан башка да жолдорун тапса болорун билдирген болчу. Анкара азыр коалициялык күчтөргө кандай жардам берерин айта элек, бирок президент чек араларда коопсуздукту камсыз кылууга чакырууда.

НАТОнун жаңы баш катчысы Йенс Столтенберг Ирак жана Сирия менен чектешип турган Түркия өкмөтү жардамга муктаж болсо Түндүк атлантикалык альянс жардамга келерин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG