Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Социал-демократтар Саламаттык сактоо министрлигине талапкерди караган жок


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы Саламаттыкты сактоо министрлигине талапкерди караган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракция мүчөсү, депутат Дамира Ниязалиева кабарлады. Анын айтымында, фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун чет өлкөдө иш-сапарда болгонуна байланыштуу бул маселени кийинки аптада карамай болушту. Ниязалиева кошумчалагандай, азырынча министрликке талапкерлердин так саны белгисиз.

Бирок буга чейин Социал-демократтар фракциясынын катчылыгынан алты талапкер көрсөтүлүп жатканын “Азаттыкка” кабарлашкан. Маалыматка ылайык, бул кызматка министрдин орун басарлары Касымбек Мамбетов жана Айнура Ибраимова, дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Рустам Курманов, жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев, Улуттук госпиталдын башкы урологу Акылбек Усупбаев жана Түркиядагы кардиолог Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине талапкерди Социал-демократтар фракциясы көрсөтүшү керек.

Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG