Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

“Вечерний Бишкек” президенттин кеңешчисин рейдерликке айыптады


“Вечерний Бишкек” гезити басылманы рейдерлик жол менен тартып алганы жатат деп президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду айтып чыкты. Маалыматка ылайык, Ниязов гезиттин мурдагы кызматкерлерин чогултуп, гезитти өз көзөмөлүнө алууга аракет кылууда.

Буга чейин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат.

Фарид Ниязов бул боюнча комментарий бере элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG