Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Девид Кэмерон Ооганстанга барды


Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон ооган жетекчилери менен британ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы боюнча сүйлөштү. Ал Британия бул өлкөгө дайыма “күчтүү өнөктөш жана жакшы дос” болот деп билдирди.

Ооганстан президенти Ашраф Гани менен бирге өткөрүлгөн маалымат жыйынында Девид Кэмерон “өлкөнү ушундай мүнөздө башкаруу коррупцияга жол бербейт”, - деди:

- Биз баарыбыз бир максатты көздөйбүз. Ал Ооганстандын коопсуз, стабилдүү өлкө катары гүлдөп-өсүүсү. Ооганстан башка өлкөлөргө коркунуч жараткан террорчулардын баш калкалар жери болбошу керек, - деп айтты Кэмерон.

Ооганстанда президенттикке талапкерлер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла улуттук биримдик өкмөтүн түзүү келишимине кол коюшкан.

Кэмерон жана Гани бул аймакта кызмат өтөө маалында курман болгон аскерлерди эскерди. Ооганстандагы жайгашкан коалициялык күчтөрдө аскерлердин саны боюнча Британия АКШдан кийинки эле экинчи орунда турган.

Кэмерон Ашраф Гани расмий бийликке киришкенден кийинки Ооганстанга келген биринчи дүйнөлүк лидер болду.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG