Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Пакистанда он беш согушкер жок кылынды


Пакистан армиясы өлкөнүн түндүк-батышында согушкерлер жашырынган үч жерге абадан сокку уруп, 15 согушкер өлдү. Согушкерлер жашырынган жер Ооганстан менен чектеш Хаймер районунда жайгашкан.

Июнь айынан бери Пакистан армиясы Түндүк Вазиристан провинциясында согушкерлерге каршы абадан да, жерден да чабуул жасап келет. Жалпысынан миңдей согушкер жок кылынып, жүзгө жакын аскер каза тапты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG