Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Гонконгдо толкундоо уланууда


Гонконгдо бир апта мурда башталган толкундоо бүгүн да уланууда. Толук демократиялуу шайлоо өткөрүүнү талап кылып көчөгө чыккандардын ультиматум мөөнөтү соңуна чыккандан кийин Гонконг администрациясынын башчысы Лян Чжэньин маалымат жыйын өткөрдү. Ал айтылган талаптар боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөттүн атынан атайын өкүл дайындалганын билдирди. Бул билдирүү шаардагы чыңалган абалды жайлатканы кабарланууда.

Гонконгдо өткөн жумадан бери уланып жаткан демонстрацияга чыккан он миңдеген жарандар Бээжинди 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыпташууда. Алар өз талаптары аткарылмайынча көчөдө түнөй турушканын билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG