Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Чет өлкөнү бир көрүп "сүйүп калгандар"


Жеңишбек Назаралиев.
Жеңишбек Назаралиев.

Жума күнү “Де-факто” гезити доктор Ж. Назаралиевдин маегин тартууласа, “Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарды Курман айты менен куттуктап, жерибизге бейпилдик, элибизге ынтымак каалаган сөзүн жарыялоо менен санын ачты.

90 жашка чыгарына 35 күн калган аксакал “Кыргыз туусу” гезити эки күн мурда белгиленген карылар күнүнө арнап “Өлкөнү улуу муун курган” деген, “Эми соттун чечимине жараша эмес, кылмышка жараша жаза болот” деген, “Жалал-Абадда соттордун киттери кайырмакта” деген жана башка макалаларды окурмандарына тартуу кылды. “Кыргыз туусу” гезитинин ушул эле санына республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү акын кыздарыбыздын бири-Бактыгүл Чотурованын жаңы ырлары жарык көрдү.

“Алиби” гезити саясатчы Уран Ботобековдун “Ошто “ОБОНчулар” жумуртка менен оппозицияны эмес, улуттун келечегин урушту” деген ат менен интервьюсун басты. Ал деги эле оппозициясыз эл бийликтин ашказанын аңтар-теңтер кылып эч качан текшере албастыгын, “ошондуктан ал “ОБОНдор” менен чала спортчу криминалдарга таянып, Башмыйзамды тепсеп жатканын, бийлик жумуртка менен Кыргызстандын келечегин, демократия менен адам укугун, Манас баштаган элибиздин асыл сапаттарын жана улуттун бай тарыхын урду” деп күнөөлөдү.

Депутат Алтынбек Сулайманов өкмөттүн социалдык саясатын сынга алды. Белгилүү сатирик Жолочу Рыспаевдин сатиралык жаңы ырлары окурмандарга тартууланды.

“Жаңы агым” гезитине ушу тапта үй-бүлөсү менен Европада жүргөн саясатчы Садыр Жапаров интервью берип, китеп жазып атканын, анда эки жүздүү чиновниктердин маскасы сыйрыларын айтып, президентти сынга алды.

“Жаңы агым” гезити да ыр басты. Анын бүгүнүкү санынан республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Нурпаис Жаркынбайдын “Чын махабат кемпир менен чалда бар” деген рубриканын алдында жарыяланган жаңы ырларын окуйсуздар.

“Де-факто” гезити жаңы санын Медицина илимдеринин доктору, профессор, “Назаралиев” медициналык борборунун президенти Жеңишбек Назаралиевдин “190дон ашуун мамлекеттен бирден оорулууну бекер дарылап беребиз” деген ат менен маек куруп, акыркы кездери публикадан алыстап кеткенин, бирок бул саясаттан алыстап кетти дегенди билдирбесин, өзүнүн борбору аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатканын, ушунун өзү чоң саясат болуп саналарын, саясат десе эле эки жээкке олтуруп алып, түкүрүгү жетпесе да бири-бирине түкүрүп, ушак менен кайым айтышып олтурган саясаттан баш тартканын айтты. Назаралиев андан ары Кытай менен Россиянын ортосуна кыпчылып алып, Американы самагандарга таңкаларын, маселен Өмүрбек Абдыракмановго окшоп Америкага барып келгенден кийин ал жакты сүйүп калган акылсыздык болорун, маселен саясатчылардын арасынан алгачкы болуп, АКШга барган адам өзү болгонун, баш-аягы 24 жолу Америкага барганын, бирок тигилерге окшоп мактап-жактап жатып калбаганын, орустар Батышка же Америкага караганда Азиялыктарга жакын болорун, биздин ойлонуу философиябыз, жашоо шартыбыз, кулк мүнөзүбүз көп жагынан окшош болорун кеп кылды. Ушул эле “Де-факто” гезити “Кыргыз оппозициясы Өзбекстанда кимдин жана кандай колдоосун издеп жатат” деген 3 беттен турган көлөмдүү макаланы да тартуулады.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Эмдиги парламентке эмитеден кам көргүлө” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды. “Корифей 87де” деген рубриканын алдында Кыргыз эл баатыры, атактуу хирург Мамбет Мамакеев агабыздын 87 жашка чыккандыгына арналган редакциянын куттуктоосу басылды. Ушул эле гезит казактын айтылуу акыны Олжас Сулейменов Бишкекке келип, Садык Шернияздын “Курманжан датка” фильмин көрүп олтуруп, улам көзүн сүртүп олтуруп, көзүн сүрткөнү улам тездеп олтуруп, бир маалда чыдай албай кетип, бет аарчыгычын алып чыгып, кадимкидей көз жашын сүртүп олтурганын, казактын үлкөн акыны жанында олтурган кинорежиссер инисинин колун кармап: “Элди биримдикке, ынтымакка чакырган мыкты тасма болуптур. Мындай фильм бүгүн казактарга да керек” деп айтканын, мындай баага ар ким, ар ким эле татыктуу боло бербестигин аталган “Фабула” гезити кабарлады.

Баса ушул эле кинону Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев энеси менен жубайын ээрчитип келип көрүп кеткенин, баса өкмөттүн айрым бир адамдары сыяктуу коштогон милийсасы, коштогон МАИси жок эле, “мен келатам” деп элди ызы-чуу түшүрбөйле тынч келип, тынч көрүп кете бергенин, үйдө, телевизордун түбүндө олтуруп алып бийликтегилерди сөккөндү, сындаганды жакшы көргөн жаныбыз сыпайы, маданияты да, тарбиясы да, алган билими да мыкты Жоомарт Оторбаевди ойду-келди сындап жатканыбызды, бирок ушул адамдын жүргөн-турганынан ала турган, үйрөнө турган көп нерсе бар экенин да ушул “Фабула” гезити жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG