Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Янукович Орусиянын букаралыгын алганы айтылууда


Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович жана бир катар мурдагы мартабалуу чиновниктер Орусиянын букаралыгын алышкан.

Президент В. Путин жарандык берүү жөнүндө “жашыруун жарлыкка” кол койгонун Украинанын ички иштер министринин жардамчысы Антон Геращенко 3-октябрда Фейсбукта жазды. Анда маалымдалгандай, Орусия букаралыгын Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаров, экс-башкы прокурор Виктор Пшонка жана алардын үй-бүлөлөрү алган. Аталган үчөө Украинаны февралдын аяк ченинде антиөкмөттүк нааразылыктар күчөп турган маалда калтырып кеткен. Расмий Киев аларды куралсыз демонстранттардын өлүмү үчүн жооптуу деп күнөөлөп, тергөө баштаган. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 3-октябрда “Эхо Москвы” радиосунан сүйлөп, Геращенконун билдирүүсүнө комментарий бергенден баш тартты. Орусиянын федералдык миграция кызматы да түшүндүрмө бергенди каалаган жок.

XS
SM
MD
LG