Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Орусия: бүгүнтөн баштап кош жарандуулугун билдирбегендер айыпка жыгылат


Орусияда 4-октябрдан тарта орус жарандыгына катар башка өлкөнүн да жараны экенин Федералдык миграция кызматына билдирбегендер жазаланат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

- Өз убагында кош жарандыгы тууралуу маалыматын каттата албай калган кыргызстандыктар башка өлкө менен кош жарандыгы бар орусиялыктар сыяктуу эле адегенде 200 миң рубль айып пул төлөйт, же болбосо, 400 саат коомдук иштерге тартылат. Ал дагы болбосо кылмыш иши ачылат, - дейт Кулукеева.

Кош жарандуулук боюнча Орусиянын Түркмөнстан жана Тажикстан менен гана эки тараптуу келишими бар. Ошондой болсо да, орус жарандыгын алган көптөгөн кыргызстандыктар кыргыз паспортун да тапшырышкан эмес.

Орусиянын миграция кызматынын ушул жылдын август айындагы расмий маалыматы боюнча, 1992-жылдан бери орус жарандыгын алгандардын саны 6 млн. адамга жеткен. Ал эми орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жарым миллиондон ашык. (МТо)

XS
SM
MD
LG