Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Латвияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Бүгүн, 4-октябрда, Латвияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Украинадагы кризистин айынан Орусия менен алаканын курчуй түшкөнүнө байланыштуу латвиялыктар оңчул-борборчул башкаруучу коалицияны колдой тургандай.

Премьер-министр Лаймдота Страуюма Москвага карата катуу позицияны карманып, НАТОнун аймактагы коргонуусун күчөтүү үчүн чыгымдарды көбөйтүүгө чакырды.

Анын шайлоодогу башкы атаандаштарынын бири латвиялыктардын төрттөн бирин түзгөн этникалык орустар колдогон “Ынтымак” социал-демократиялык партиясы.

2008-жылкы каржы кризисинде Латвия катуу жабыркап, өз акчасы латтын еврого карата байланышын кубаттоо үчүн чыгымдарын, айлык акыларды жана жумушчу орундарын кыскарткан. Ал эми быйыл Латвия евро аймакка кошулду жана Европадагы экономикасы бат өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн катарында келатат.

Ошентсе да жумушсуздук деңгээлинин жогорулашына жана катаал үнөмдөө саясатына байланыштуу өлкөдө терс пикирлер жаралган. Буга байланыштуу башкаруучу коалиция шайлоо кампаниясы учурунда экономикага эмес, Евробиримдик жана Орусия менен болгон алакасына басым жасады.

XS
SM
MD
LG