Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Порошенко: Англис тили мектептерде экинчи тил болушу керек


Украина президенти Петр Порошенко украин мектептеринде англис тили экинчи тил катары окутулушу керектигин билдирди.

Жума күнү Львов улуттук университетинде сүйлөп жатып Порошенко буга Сингапурду мисалга тартты. “Ал жакта 1950-жылдары өлкө жетекчилиги англис тилин мажбурлап экинчи тил кылган, натыйжада азыр Сингапур өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет” деп белгиледи президент.

Ошондой эле, украин башчысы жарандардын көбү өлкөдө бир тил болушу керек деп эсептерин, ошол эле учурда англис тилин министрлер билиши керектигин, жада калса ар бир аткаминер билсе ашыктык кылбасын кошумчалады.

“Келгиле, орус тилинин статусу эмес, англис тилинин статусу тууралуу сүйлөшөлү”, - деди Порошенко.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG