Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Каримов кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайты жазды.

“Курман айт майрамында Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бейпилдик, өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат өзбек президентинин куттуктоо телеграммасында.

Мындан тышкары Айт майрамы менен кыргызстандыктарды Түркмөнстандын, Түркиянын жана Тажикстандын президенттери куттукташты.

Бүгүн мусулман калкы Курман Айт майрамын майрамдап жатат. (МТо)

XS
SM
MD
LG