Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

"Ата-Журт" менен "Республика" октябрда биригет


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин кеңешчиси Нурланбек Шакиев билдирди.

- Учурда партияларды бириктирүү боюнча жумушчу топ иштеп атат, биригүүнүн бардык процедуралары бүтүп калды. Октябрдын аягында курултай өткөрүп, эки партия кошулуп, жаңы партия жаралат. Анан ошол партия менен келе жаткан парламенттик шайлоого бир тизмеде барабыз, - деди Шакиев.

Шакиев биригүүгө төмөнкү себептерди атады: “Учурда Кыргызстанда саясий партиялар аябай көбөйүп, бул коомго өзгөчө шайлоо убагында терс таасирин тийгизип жатат. Экинчиден, эки партиянын биринин түндүктө, экинчисинин түштүктө кадыр-баркы жогору. Мындан улам бул түшүнүктү жоюп, бирге бололу деп чечтик. Анан калса партия лидерлери да тең куракта”

Учурда эки партиянын тең Жогорку Кеңеште фракциялары бар жана алар парламенттик оппозицияда турушат. Ал эми партиянын курсу жана аталышы кандай болору курултайда билине турган болууда.

“Республика” партиясын мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектейт. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG