Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Москвада курмандык чалууга уруксат берилген жок


Быйыл Москва шаарында курмандыкка мал союлган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Москвадагы "Кыргызстандыктар союзу" коомдук уюмунун төрагасы Эгемберди Мырзабеков билдирди.

4-октябрь, Курман айт жан-жаныбарларды коргоонун эл аралык күнүнө туш келгендиктен, айрым коомдук уюмдар бул күнү мал союуга каршы чыгышкан. Мындан улам Москванын мэриясы шаар ичинде курмандык чалууга жана мал сатууга уруксат берген жок.

Курмандыктар калаанын чет жагындагы эт комбинаттарында чалынып, андан соң шаарга алынып келген.

Шариятка ылайык, Айт күнү курмандыкка эчкиден тарта төөгө чейин союуга уруксат берилген. (МТо)

XS
SM
MD
LG