Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Кыргызстан 2,5 миң мугалимге муктаж


Кыргызстандагы мектептерге 2476 мугалим жетишпейт. Ушул тапта эң көп башталгыч класстар мугалимге муктаж. 4-класска чейинки окуучуларга 506 мугалим жетишпейт.

Андан кийинки орундарда физика (253 мугалим), математика (237), орус тили (237), англис тили (233) жана дене тарбия (179) сабактары турат. Мугалим таңкыстыгы өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында байкалат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңешбек Сайназаров билдирди.

Анын Билим берүү министрлигинин статистикасына таянып айтканы боюнча, Кыргызстанда 12 жогорку жана төрт атайын орто окуу жайлары жыл сайын мугалимдик кесипке төрт миңден ашык жаш мугалимдерди бүтүрүп чыгарат.

Бирок айлык акынын аздыгынан көп мугалимдер өз кесиби боюнча иштебейт. Бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо айлык маянасы 7-8 миң сом. Жаш мугалимдердики андан да аз.

Бүгүн мугалимдер күнү өлкө боюнча белгиленүүдө. Бирок алардын эмгек акысынын көтөрүлүшү жана башка шарттар тууралуу сөз козголгон жок. (МТо)

XS
SM
MD
LG