Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Пакистанда полиомиелитке чалдыккандар кескин көбөйдү


Полиомиелит дартынын өсүшүнө өлкө бийликтери калкты эмдөө программасына тоскоол жаратып жаткан согушкерлерди айыптоодо. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, согушкерлер медкызматкерлерди коркутуп, эмдөөгө жолтоо болгон аймактарда оору күчөп кеткен.

Өткөн жылдан бери алтымыштан ашык медкызматкер жана алардын коопсуздугуна жоопкер полиция өкүлдөрү өлтүрүлгөн.

Исламчыл согушкерлер эмдөө программасы мусулмандарды жоготууга багытталган Батыштын атайын операциясы деп каршы болушууда.

Жыл башынан бери полиомиелит оорусуна чалдыккандардын жалпы саны эки жүздөн ашты. Бул акыркы 14 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Пакистан, Ооганстан жана Нигерия бул илдет эң көп жайылган өлкөлөр деп саналат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG