Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Бразилияда президенттик шайлоо өтүүдө


Бүгүн добуш берүүгө укуктуу 142 миллиондон ашык Бразилия жарандары өлкө башчысын шайлоодо.

Бул ирет президенттике ат салышкан 11 талапкердин ичинде өлкөнүн учурдагы президенти Дилма Руссельф айым да бар. Анын башкы атаандаштары мурдагы айлана чөйрө министри Марина Силва жана Социал-демократтар партиясынан талапкер Эсио Невес.

Экзит-поллдордун баамында Русселф учурда эки атаандашынан жыйырма пайыз добуш менен алдыда. Ошентсе да көптөр талапкерлер жетиштүү добуш жыйнай албай, шайлоонун экинчи айлампасы өтөөрүн болжолдошууда. Ал 26-октябрга белгиленген.

Президенттен тышкары бүгүн бразилиялыктар 27 штаттын губернаторлорун, сенаторлорду жана депутаттарды шайлашууда.

Добуш берүүгө 18 тен 70 жашка чейинки баардык жарандар милдетүү.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG