Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Пакистандагы талиптер "Ислам мамлекети" уюмун колдошот


Пакистандагы талиптер “Ислам мамлекети” уюмуна жардам берүү үчүн Сирия менен Иракка согушкерлерин жиберерин билдирди. “Техрик-И-Талибан” уюмунун басма сөз өкүлү Шахидулла Шахид маалымат агенттиктерине жолдогон билдирүүдө Жакынкы Чыгышта күрөшкөн жихадчы топторду биригүүгө үндөдү. Ал "Ажанс Франс Пресске" регионго азыркыга чейин 1-1,5 миң согушкер жибергенин айтты.

“Ислам мамлекети” уюму исламга кызмат өтөө үчүн негизделген, биз аны колдойбуз жана можахеддерибизди жөнөтүп турабыз”, - деди Шахид.

Аналитиктердин баамында, уюм Пакистанды көздөй жылууга аракеттенмекчи. Жакында Пешвар шаарында экстремисттердин баракчалары таркатылганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG