Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:50

Бийчи Атай Өмүрзаков Түркиядагы сынакка катышат


Атай Өмүрзаков жаш таланттардын сынагына катышуу үчүн Түркияга жөнөп кетти. 8-октябрда Стамбул шаарында өтчү “Сиз таланттуусуз” сынагына Атай Өмүрзаков “Тумар” тобу менен катышат.

Атай Өмүрзаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин Кыргызстандан Азамат аттуу бийчи бул сынакта алардын бийин бийлеп, жарым финалга да чыккан. “Эми алар бизди чакырды, учурда “Тумар” тобу ошол сынакка катуу даярданып жатат”, - деди Өмүрзаков.

Атай Өмүрзаков жана "Тумар" бийчилер тобу Германиянын Франкфурт шаарында өткөн Das Supertalent-2014 телесынагында финалга чыккан. Кыргызстандык бийчилер тандоо турунда калыстар тобунун колдоосуна татып, ошол замат финалга өткөрүү чечими кабыл алынган. Ушул тапта бийчилер декабрь айында Германиянын Кельн шаарында өтүүчү финалдык оюнга даярданып жатышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG