Муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саиповдун кабарлашынча, ажылар бүгүн да Мина өрөөнүндө болуп, шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн улантышат. Ушул эле күнү түшкү намаздан кийин ажылар Каабага жөнөшөт.
- Ажылар таштарды ыргытып, тийиштүү жөрөлгөлөрдү аткарып жатышат. Ажылар кандай ибадаттарды аткарып жатканын уюштуруу штабы көзөмөлдөп жатат.
Асан Саипов ажылардын абалы жакшы экенин, кары-картаңдар, оорулуулар кечээ биринчи жолу шайтанга таш ыргытып, андан соң мейманканаларга жайгаштырылганын, кыргызстандык ажылар Курман айтты намазга жыгылып, өлкөгө тынчтык жана жакшылык каалоо менен өткөрүшкөнүн кошумчалады.
Ажылык сапарга баруу – мусулманчылыктагы беш парздын бири. Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам барган. (ZMa)