Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Бажы биримдигине байланыштуу мыйзам долбоорлору добушка коюлат


Жогорку Кеңеште ушул аптада Бажы биримдигине шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому добушка коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Өткөн жумада мыйзам долбоорлорунун топтому парламентте биринчи окууда каралган. Парламент Бажы биримдигине кирүүгө мыйзамдар топтомун шайкеш келтирүү боюнча маселеге үч окуудан соң добуш берет. Мындан кийин гана Кыргызстандын биримдикке кирүүсүн шарттаган келишим даярдалып, аны Жогорку Кеңеш бекитип берет.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтканы боюнча, Кыргызстан 2015-жылдын 1-январынан тарта Орусия, Беларус жана Казакстандан турган Евразиялык экономикалык биримдикке кирмекчи. (ZMa)

XS
SM
MD
LG