Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу талкууланат


9-октябрда Беларустун борбору Минск шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтөт. Анда Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча “жол карта” талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, бул жыйынга Кыргызстандан атайын делегация катышат.

Быйыл 29-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасы бекитилген. Ошол эле учурда Кыргызстан Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу ниетин билдирип, президент Алмазбек Атамбаев бул багыттагы ишти тездетүүнү өкмөткө тапшырган. Бирдиктүү экономикалык аймак-бул Бажы биримдигинен кийинки уюшма болуп саналат. Бул аймакка Орусия, Казакстан жана Беларус кирет. Анда капиталдын, сооданын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жол берилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG