Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Бразилия: президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болот


Добуш берүүнүн соңку жыйынтыгында учурдагы президент Дилма Русеф 41% менен алдыга чыкты. Бирок эми шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Русефтин атаандашы оңчул-центрист талапкер Эсио Невес 34% добуш алды. Белгилүү эколог Марина Силва 21% топтоп, үчүнчү орунга чыккан.

Добуш берүүгө 142 миллион адам катышкан. Шайлоонун экинчи туру ушул айдын этегинде өтөт деп кабарланууда.

Үгүт кампаниясы жүрүп жатканда Русефдин күчтүү атаандашы, талапкер Эдуардо Кампостун авиакырсыктан каза болушу шайлоо жыйынтыктарын башка нукка бурган.

Учурдагы президент айым Русеф солчул-центристтик эмгекчилер партиясынан. Анын президенттик мезгилинде жумушсуздук төмөндөп, айлык маяна өскөн. Бирок Русефдин соңку 18 айы бир катар чуулгандуу окуялар менен коштолду. Бийликтин ачыкка чыккан коррупциялык иштерин айткан жана Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка обу жок акча коротту деп сындаган коомчулук ага каршы нааразычылык акцияларды уюштурган.

XS
SM
MD
LG